«Элибиз эзелтен исламдын баалуу көрөңгөлөрүн өзүнүн түптүү каада-салттары менен айкалыштыра жашап келген» Президенттин куттуктоосу

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, кыргызстандыктарды орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Элибиз эзелтеден эле исламдын баалуу көрөңгөлөрүн өзүнүн түптүү каада-салттары менен айкалыштыра жашап келген. Демек, өлкөбүздөгү ар бир кыргыз жараны ар күнкү аракети менен алдыга умтулуп, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошот деген үмүтүм чоң.

Кадырлуу мусулман агайын-туугандар!

Сиздердин отуз күн орозо тутуп, журтубуздун тынчтыгы менен өлкөбүздүн өнүгүүсүн сураган тилектериңиздер кабыл болсун. Ыйманыбыз, ишенимибиз артып, кийинки орозо айына чейин бакубат жашоону насип кылсын.

Айтыңыздар маарек болсун!” деп айтылат куттуктоодо.

Акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдарга байланыштуу, элдин коопсуздугу эске алынуу менен орозо айт намазы үстүбүздөгү жылдын 10-апрель күнү өлкөдөгү жума мечиттеринде окула турганын, Бишкекте Эски антта окулбай турганын Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы билдирген

Орозо айт шаршемби, 10-апрелде белгиленүүдө.  

Буга чейин айт намазы Бишкекте борбордук аянтта, район борборлорунда, мечиттерде окулары айтылган. Быйыл айт намазы Эски аянтта, район борборлорунда окулбайт.

22-мартта Москва облусундагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон теракттан кийин Москва шаарынын бийлиги мусулмандарды Айт намазын үйдө окууга чакырган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты