Кыргызстанда 100 жаштагы жана андан жогору курактагы 178 жаран жашайт  

Социалдык фондунун маалыматы боюнча, учурда республикада 100 жаш жана андан жогорку курактагы 178 жаран жашайт.

Карылар күнүнүн алдында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бишкек шаарында жашаган 100 жашка чыккан жарандардан кабар алды.

Социалдык фондунун маалыматы боюнча, учурда республикада 100 жаш жана андан жогорку курактагы 178 жаран жашайт.Алардын ичинен 21 адам Бишкек шаарында жашайт.

Данияр Амангелдиев Кичикан Чолиева, Бурул Дүйшалиева жана Ефросинья Соколовадан кабар алды. Ал Министрлер кабинетинин төрагасынын атынан узак жашоочуларга белектер тапшырылып, материалдык жардам көрсөтүлдү.

Жолугушууларда улуу муун өкүлдөрүнүн өмүр жолу, алардын эмгектик жана коомдук салымы, ошондой эле үй-бүлөлүк жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоодогу ролу тууралуу баарлашуулар болду. Данияр Амангелдиев улуу муун өкүлдөрүнө урмат-сый жана ыраазычылыгын билдирип, алардын муктаждыктарына көңүл буруунун жана татыктуу жашоо шарттарын камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Карылардын эл аралык күнү жыл сайын 1-октябрда белгиленет.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты