“Замандын талабы билимди турмушта колдоно билүү”. Мугалимдер күнү менен куттуктоо

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. 

“Бүгүн билим берүү тармагынын алдында жаңы талаптар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр турат. Заманбап технологиялардын өнүгүшү, эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр көптөгөн адистиктер маанисин жоготуп, ошол эле учурда жаңы кесиптердин пайда болушуна себеп болууда. Замандын талабы билимди турмушта колдоно билүү болуп, колдонмо илимге басым жасалып жатканда сиздер тараптан ушул багытта аракеттер арбын болот деп күтөбүз. Салттуу экономика тармактары менен катар креатив экономиканы өнүктүрүп, илимий изилдөөлөр, тажрыйба конструктордук иштер ийгиликтүү болуп, стартаптар, патенттер көнүмүш ишке айланышы зарыл” деп айтылат куттуктоодо.  

-Күчтүү, өнүккөн жана атаандаштыкка жөндөмдүү мамлекетти куруу жолунда билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл бурулат.Билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, заманбап технологияларды жана жаңы окутуу ыкмаларын киргизүү, педагогдордун жана жалпы тармак кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу багытындагы иштер мындан ары да улантылат. 

 Урматтуу билим берүү кызматкерлери! Сиздердин күжүрмөн эмгек, кесипкөйлүк, жоопкерчилик үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздер тарбиялаган, билим бергенжаш муун өлкөбүздүн өркүндөп өнүгүшүнө татыктуу салым кошуп,  Мекенибиздин жөлөк-тиреги, сыймыгы болоруна ишенем. Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайм! Эмгегиңиздер ар дайым татыктуу бааланып, демиңиздерге дем, ишиңиздерге ийгилик коштолсун. Үй-бүлөңүздөрдө тынчтык, ынтымак жана кут-береке болсун! Майрамыңыздар менен! 

Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндө Мугалимдер күнү жыл сайын 5-октябрда кесиптик майрам катары белгиленет. Кыргызстанда 133 миң агартуу кызматкерлери иштейт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты