Бишкекте орозо айт намазы мечиттерде окулат

  • 3 недели мурун

Акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдарга байланыштуу, элдин коопсуздугу эске алынуу менен орозо айт намазы үстүбүздөгү жылдын 10-апрель күнү өлкөдөгү жума мечиттеринде окулат.

Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Орозо айт шаршемби, 10-апрелде белгиленет.  Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 9-апрелде орозонун акыркы күнү, ал эми 10-апрелде — орозо айт.

Быйыл орозо айы 11-мартта башталган. Орозону 30 кармайт.

Буга чейин айт намазы Бишкекте борбордук аянтта, район борборлорунда, мечиттерде окулары айтылган. Быйыл айт намазы Эски аянтта, район борборлорунда окулбайт.

22-мартта Москва облусундагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон теракттан кийин Москва шаарынын бийлиги мусулмандарды Айт намазын үйдө окууга чакырган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты