Эгемендиктин 35 жылдыгы: Президенттин куттуктоосу

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Сиздерди эң башкы улуттук майрамыбыз — Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы менен чын дилимден куттуктаймын! Бүгүн — ар бир кыргызстандык башын бийик көтөрүп, көкүрөгү кубанычка толуп, “Мен эгемен Кыргыз мамлекетинин жаранымын!” деп сыймыктана турган, атуулдук ар-намысты туу тутуп, улуттук биримдикти даңазалаган улуу күн!  Кыргызстандын эгемендиги — эчендеген кылымдарды карытып, тар жол, тайгак кечүүлөрдөн өткөн, ошол эле маалда бир кездерде дүйнөнү дүңгүрөткөн улуу дөөлөттөрүбүздөн калган баа жеткис ыйык мурас. Эркиндик, элдүүлүк үчүн “кыргыз” атын кылымдар бою өчүрбөй сактап келген ата-бабаларыбыздын төгүлгөн каны, кыйылган жаны биздин эсибизде түбөлүккө сакталат,-деп айтылат куттуктоодо.  

-Быйылкы тарыхый шарт, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы ата-бабаларыбыздан калган улуу көчмөн цивилизациясынын мурасын дүйнөгө даңазалаган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы менен коштолгону турат. Ошону менен бирге улуттук майрамыбызга дүйнөнүн ири мамлекеттеринин лидерлерин жана бийик даражалуу делегацияларын бириктирген Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдык тарыхый мааракесине арналган Саммит да туш келди. Мындан сырткары, өлкөбүздүн атын даңазалоочу “Ырыс-Ордо”, “Бишкек-Арена” стадиону сыяктуу ири долбоорлор ишке ашып, Көз карандысыздык күнүнө карата эң сонун белек болду. 

Бүгүн жалпы Кыргызстан аймагында Эгемендиктин 35 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп, ал эми буга чейин ар жылы ар башка облуста өткөрүү салт болуп келгендей, Эгемендигибизди бийик деңгээлде майрамдоо быйыл Айкөл Манас атабыз жердеген Талас облусунда жыйынтыкталат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты