Төрага Марлен Маматалиев кыргызстандыктарды билим күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев кыргызстандыктарды билим күнү менен куттуктады

Урматтуу агартуучулар! Кадырлуу окуучулар, студенттер жана ата-энелер!Ардактуу мекендештер! Сиздерди Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан 1-сентябрь – Билим күнү менен чын дилимден куттуктайм! Билим мамлекеттин өнүгүүсүнүн бекем пайдубалы, ал эми билимдүү, мекенчил жана демилгелүү жаштар өлкөбүздүн эң чоң байлыгы. Андыктан жаш муунга сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүү ар дайым мамлекетибиздин башкы артыкчылыктарынын бири болуп кала берет, -деп айтылат куттуктоодо

Акыркы жылдары билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, бул багытта масштабдуу реформалар жүргүзүлүүдө. Өлкөбүздүн бардык аймактарында жаңы мектептер жана бала бакчалар курулуп, эскилиги жеткен билим берүү мекемелери жаңыланып, заманбап шарттар түзүлүп жатат. Ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, окуу процессине жаңы технологияларды киргизүүгө жана мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган олуттуу иштер аткарылууда.

Кыргызстанда 1-сентябрь-билим күнү. Адатта мектептерде, жогорку окуу жайларда окуу 1-сентябрда башталат. Быйыл Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюумунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшүнө байланыштуу окуу мөөнөтү 15-сентябрда башталат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты