Москванын бийлиги мусулмандарга айт намазын үйдө окууну сунуштайт

  • 4 недели мурун

Москванын бийлиги мусулмандарды Айт намазын үйдө окууга чакырат.

Бул тууралуу «Осторожно, новости» Telegram-каналы шаардын улуттук саясат жана дин аралык байланыштар департаментинин документине шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, тиешелүү кат 10-апрелде белгилене турган орозо айт майрамында чектөөлөр болору жөнүндө мусулмандарга маалымат берүү өтүнүчү менен шаардын административдик округдарынын префекттерине жөнөтүлгөн. Катта Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган жарандарга өзүнчө көңүл бурулушу керектиги белгиленген.

«Осторожно, новости» каналы мындай мазмундагы каттын жөнөтүлүшү «Крокус Сити Холлдогу» терактка байланышуу болушу мүмкүн экенин жазды.

Орусиянын мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматына караганда, былтыр Москвадагы айт намазына 400 миңге жакын мусулман чогулган.

22-мартта Москва облусундагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон теракттан кийин Орусияда мусулман мигранттарга кысым күчөдү. Ал кол салууга тажик жарандары айыпталып, 144 киши өлгөнү, дагы 500 адам жаракат алганы кабарланган.

Сүрөт: EPA/EFE

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты