Экс-депутат Райымбачаева президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды
- 1 неделя мурун
- Жаңылыктар
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп Винера Раимбачаева дайындалды.
Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн басма сөз кызматы билдирди.
Тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жаңы дайындалган орун басар облус жетекчилерине, район акимдерине, мекеме-ишканалардын жетекчилерине тааныштырылды.
Винера Райымбачаева «Ыйман нуру» партиясынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болгон.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү




