Экс-депутат Алиярбек Абжалиев кармалды   

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев кармалды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Октябрь райондук сотунун 15-майдагы чечими менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чүй облусу боюнча тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.

Алиярбек Абжалиевди 13-июлга чейин камакка алуу баш коргоо чарасы сот тарабынан кабыл алынган.  

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев 2022-жылы алдамчылыкка шектелип кармалган. Анда Алиярбек Абжалиевге жазык кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) анын жыйырмадан ашуун элиталык батирлери, Бишкектеги VIP шаарчаларда үйлөрү, Ысык-Көлдө пансионат, Ысык-Көл, Чүй облусунун аймагында жер тилкелери, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлкү бар экенин билдирген. Ошондой эле Абжалиевдин мүлкү делген имараттар тартылган бир нече фотолорду тараткан.

Атайын кызмат Абжалиев “кызматтык абалын жана экс-президент Сооронбай Жээнбековго кудалык байланышын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине байма-бай кийлигишип жүргөн” деп айыптаган.

Ал иш козголгондо өзү чет өлкөдө жүргөн. Кийин Кыргызстанга кайтып келип, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жыйындарына катышкан. 

2022-жылы 11-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, камактан бошотулган. Ал алдамчылык фактысы боюнча келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берди. УКМК тергөөдө Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом төлөгөнүн кабарлаган.

«Кайыңды кабель заводунун жаңы кожоюндарга берилиши: Атайын кызматтардын жана депутаттын мурунку жубайынын изи» аттуу «ПолитКлиника» медиасынын журналисттик иликтөөсү бул шилтемеде.

Алиярбек Абжалиевдин бизнес-империясы тууралуу журналисттик иликтөө бул шилтемеде.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты