Экс-депутат Алиярбек Абжалиев алдамчылыкка шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК маалыматта шектүүнүн инициалын А.А. деп берген. Бишкектин Биринчи май райондук соту ал Алиярбек Абжалиев экенин тастыктады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүүгө каршы ишкер арыз жазган.

“Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, алынган материалдар бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болгон”, — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

УКМК шектүү экс-депутат 10-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин (9-апрелге чейин) камакка алуу чечими чыгарылганын маалымдады.

Белгилей кетсек, Алиярбек Абжалиевге карата былтыр март айында Жазык кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) анын жыйырмадан ашуун элиталык батирлери, Бишкектеги VIP шаарчаларда үйлөрү, Ысык-Көлдө пансионат, Ысык-Көл, Чүй облусунун аймагында жер тилкелери, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлкү бар экенин билдирген. Ошондой эле Абжалиевдин мүлкү делген имараттар тартылган бир нече фотолорду тараткан.

Атайын кызмат Абжалиев “кызматтык абалын жана экс-президент Сооронбай Жээнбековго кудалык байланышын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине байма-бай кийлигишип жүргөн” деп айыптаган.

Ал иш козголгондо өзү чет өлкөдө жүргөн. Кийин Кыргызстанга кайтып келип, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жыйындарына катышкан. УКМК тергөөдө Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом төлөгөнүн кабарлаган.

Ушул жылдын 9-февралында маалымат жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев Абжалиевге карата козголгон кылмыш иши кыскартылганын билдирген.

Зулушев иш кандай жагдайда, эмне себептен кыскартылганын билберин айтып, толук маалыматты кийинчерээк тактап берерин кошумчалаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты