Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алиярбек Абжалиев камактан бошотулду

11-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, камактан бошотулду. Ал алдамчылык фактысы боюнча келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевге улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. 

Тергөөнүн жүрүшүндө Абжалиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда жакын туугандары менен сүйлөшүп алып, алдамчылык жолу менен жеке ишкерге 1,2 миллион доллардан ашык зыян келтиргени аныкталган.

Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде экс-депутат камакка алынып, ага тиешелүү айып тагылып, камакка алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу жабырлануучуга келтирилген 1,2 миллион доллардан ашык зыяндын ордун толугу менен толтурган.

Буга байланыштуу 11-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту айыпталуучуга карата баш коргоо чарасын өзгөртүп, ал камактан бошотулду.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев алдамчылыкка шектелип кармалган. 

УКМК шектүү экс-депутат 10-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин (9-апрелге чейин) камакка алуу чечими чыгарылганын маалымдаган.

Алиярбек Абжалиевге карата өткөн жылы март айында жазык кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) анын жыйырмадан ашуун элиталык батирлери, Бишкектеги VIP шаарчаларда үйлөрү, Ысык-Көлдө пансионат, Ысык-Көл, Чүй облусунун аймагында жер тилкелери, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлкү бар экенин билдирген. Ошондой эле Абжалиевдин мүлкү делген имараттар тартылган бир нече фотолорду тараткан.

Атайын кызмат Абжалиев “кызматтык абалын жана экс-президент Сооронбай Жээнбековго кудалык байланышын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине байма-бай кийлигишип жүргөн” деп айыптаган.

Ал иш козголгондо өзү чет өлкөдө жүргөн. Кийин Кыргызстанга кайтып келип, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жыйындарына катышкан. Анда УКМК тергөөдө Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом төлөгөнүн кабарлаган.

«Кайыңды кабель заводунун жаңы кожоюндарга берилиши: Атайын кызматтардын жана депутаттын мурунку жубайынын изи» аттуу «ПолитКлиника» медиасынын журналисттик иликтөөсү бул шилтемеде.

Алиярбек Абжалиевдин бизнес-империясы тууралуу журналисттик иликтөө бул шилтемеде.

Сүрөттө: Алиярбек Абжалиев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты