Мыйзамсыз баюу боюнча экс-депутат Абжалиевге козголгон кылмыш иши кыскартылды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевге карата «Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.

Зулушев иш кандай жагдайда, эмне себептен кыскартылганын билберин, кийинчерээк тактап берерин айтты.

Экс-депутат Алиярбек Абжалиевге карата былтыр март айында Жазык кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) анын жыйырмадан ашуун элиталык батирлери, Бишкектеги VIP шаарчаларда үйлөрү, Ысык-Көлдө пансионат, Ысык-Көл, Чүй облусунун аймагында жер тилкелери, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлкү бар экенин билдирген. Ошондой эле Абжалиевдин мүлкү делген имараттар тартылган бир нече фотолорду тараткан.

Атайын кызмат Абжалиев “кызматтык абалын жана экс-президент Сооронбай Жээнбековго кудалык байланышын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине байма-бай кийлигишип жүргөн” деп айыптаган.

Ал иш козголгондо өзү чет өлкөдө жүргөн. Кийин Кыргызстанга кайтып келип, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жыйындарына катышкан. УКМК тергөөдө Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом төлөгөнүн кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты