Дональд Трамп Иранды бомбалоону эки жумага токтотту. Тегеран Ормуз кысыгын ачат
- 1 неделя мурун
АКШнын президенти Дональд Трамп Иранды бомбалоону эки жумага токтотуу чечимине келди. Иран бул учурда Ормуз кысыгын ачат. Бул тууралуу Дональд Трамп Truth социалдык тармагына жазды.
Ирандын бийлиги ал шартты кабыл алды. Тегерандын бийлиги расмий билдирүүсүндө жеңишке жетишип, Американы ушундай чечимге барууга мажбурлаганын билдирди.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Ормуз кысыгы аркылуу АКШ өз аракеттерин ирандык аскерлердин байкоосунда ишке ашырарын жазган. Трамп кийинчерээк бул билдирүүнүн скриншотун өзүнүн социалдык тармагына жайгаштырган.
Ирандын мамлекеттик ЖМКлары Иран менен АКШнын расмий сүйлөшүүлөрү 10-апрелде Пакистанде болоорун билдирген. АКШнын Ак үйүнүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт бул билдирүүнү тастыктап, бирок президент Дональд Трамптын расмий билдирүүсүн күтүү керектигин кошумчалаган.
28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.
Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.
Сүрөт: Reuters




