Санкциялык тобокелдик: Кыргызстан 16 компаниянын ишин токтотот
- 1 неделя мурун
- Жаңылыктар
40ка жакын компаниянын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча 16 материал боюнча аларды жоюу үчүн сот органдарына жөнөтүлдү.
Бул тууралуу 2-октябрда президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы алдында өткөн жумушчу кеңешмеде айтылды.
Кеңешмеге мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.
Санкциялык тобокелдиктерге дуушар болушу мүмкүн болгон субъекттердин ишмердүүлүгү боюнча талдоо жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурулду.
40ка жакын компаниянын ишине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча 16 компаниянын ишмердүүлүгүн жоюу боюнча иш сот органдарына өткөрүлүп берилди. Калган компаниялар боюнча иш жүрүп жатканы айтылды.
Санкциялык тобокелдиктер жогору болгон адамдарды жана компанияларжы аныктоо жана тизме түзүү боюнча “блэклист” түзүү талкууланды.
2-октябрга чейин мамлекеттик эки банк — “Элдик банк” 126га жакын, “АБанк” 100гө чукул ишкананын эсептерин жапкан.
Садыр Жапаров экономика жана коммерция министрин Кыргыз Республикасынын президентинин өзгөчө тапшырмалар же тактап айтканда, санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча атайын өкүлү кылып дайындоо жөнүндө жарлыгына 4 ай мурда кол койгон.
Анын максаты улуттук экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана минималдаштыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоону камсыз кылуу, ошондой эле чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк жөнгө салуучулар, финансылык институттар жана башка өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүдө Кыргыз Республикасынын макулдашылган позициясын иштеп чыгуу болуп саналат.
Жарлыкка ылайык, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков президенттин өзгөчө тапшырмалар, санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча атайын өкүлү болуп айкалыштыруу менен дайындалды.
Атайын өкүлгө ушул жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары статусу берилди.
Европа Биримдиги Россияга санкциялардын 20-пакетин кабыл алды, бул санкциялар Кыргызстанга да түздөн-түз тиешелүү болду. Кыргызстан үчүн эми Европа өлкөлөрүнөн санариптик программалык башкаруу жабдууларын жана радиотехникалык жабдууларды экспорттоого чектөө киргизилди.
Комиссия соода маалыматтарын териштирип, Кыргызстан аркылуу Россияга реэкспорт өскөнүн белгиледи. Бул Россиянын Украинага каршы согушуна жардамчы болору айтылды.
Алардын маалыматы боюнча, 2025-жылдын 10 айында Кыргызстанга Европадан импорт Украинага каршы Россиянын согушуна чейинки мезгилге салыштырмалуу дээрлик 800 эсеге өскөнү белгиленди.
Кыргызстан Украинага каршы күрөшкө катышпаса дагы, Европа Биримдигинин санкция салынган өлкөлөрүнүн тизмесине кирди. Евробиримдик жаңы санкция – санкцияны айланып өтүү стратегиясын киргизди. Санкцияны айланып өтүү схемасы биринчи жолу Кыргызстанга колдонулду.
Санкция биринчи жолу Россиянын өзүнө гана эмес, товар жана технология жеткирүү логистикасына да тиешелүү болду.




