Добуштарды кол менен эсептөө автоматтык эсеп менен дал келбесе, Иманкулов отставкага кетерин билдирди   

  • 2 года мурун

Добуштарды кол менен эсептөөнүн маалыматтары автоматтык эсептөө менен дал келбей турган болсо, Коопсуздук Кеңешинин секретары Марат Иманкулов отставкага кетерин КТРК эфиринде билдирди.    

“Мамлекет башчысы саясий уюмдар арасынан азыркы технологияны жакшы түшүнгөн IT адис же көз карандысыз эксперттерди алып, БШКда алар менен чогуу териштирүү керектеги боюнча тапшырма берген.  Ал ошондой эле Коопсуздук комитетине да тапшырма берген. Алар иликтөө жүргүзсүн да, коомчулукка алып чыгышсын. Мен ал жерде эч айырма болбой турганына ишенем. Ал БШК берип жаткан алдын-ала маалыматтарга дал келиши керек.

 Эгер андай болбосо, мен кечирим сурап, алдап коюшту деп, отставкага кетем,-деп билдирди Коопсуздук Кеңешинин секретары.

Кечээ, Кыргызстанда, парламенттик шайлоо өтүп, анын автоматташтырылган системасынын эсептөөсү боюнча алдын-ала жыйынтыгы жарыяланган. 5 саясий партия алдыга чыкты. Алар-“Ата журт-Кыргызстан” партиясы-16, 44%, “Ишеним”-13, 20% ,  “Ынтымак”-10,65%,  “Альянс” -8,07% менен, “Бүтүн Кыргызстан”-6,58%, “Ыйман нуру” -5,96%.

Ал эми бир мандаттуу округдардан 36 талапкер өткөндүгү жарыяланды.

28-ноябрда саат 20:30га карата 1500гө жакын шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түшүп, сайтына жарыяланган. Алдын ала жыйынтык боюнча, 10 партия 5 пайыздык чектен өткөн болчу. Бирок кийин ал жокко чыгарылды.

 «Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Улуттар Биримдиги», «Азаттык» партиялары парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын билдиришти. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, БШКнын учурдагы курамын таратууну талап кылаарын айтып чыгышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты