Бишкекте шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча кылмыш иши козголду

Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси («Шайлоочулардын добушун сатып алуу») боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, добуш сатып алууну уюштурган адам Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Х.Г.нын расмий үгүтчүсү экени такталган. 1982-жылы туулган үгүтчү Ф.К., анын 2003-жылы туулган уулу Ф.М. жана Бишкек шаарынын «Восток-5» кичи районунун үй комитетинин төрайымы Х.А., (1964-жылы туулган) кылмышка шектелүүдө.

Ноябрдын башында А. аттуу киши Ф.К.га акы төлөнүүчү үгүтчү катары иштөөнү сунуш кылган. 9-ноябрда талапкердин Ленин проспектисиндеги штабында ал жана анын уулу Ф.М. менен келишим түзүлүп, ар бирине 20 миң сомдон берилген. Алган каражаттарга алар 12 шайлоочунун тизмесин түзүп, ар бир добуш үчүн 2000 сомдон тарата башташкан.

Үгүтчү Ф.К.нын батиринде жүргүзүлгөн тинтүүдө 80 миң АКШ доллары, 116 миң сом, штабдан алынган 29 500 сом, ошондой эле «Восток-5» кичи районунун шайлоочуларынын тизмеси табылып, далил катары алынган.

25-ноябрда Ф.К., Ф.М. жана Х.А.га кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилиги боюнча айыбы угузулган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутатына талапкер Г.Х.ди кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу сунуштама жөнөтүлөрү белгиленди.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо процессин аяктады. Жалпысынан 30 шайлоо округунан 467 талапкер катталды. Алардын ичинен 276 эркек, ал эми 191 аял талапкерлер. Эми эки талапкердин каттоосу жокко чыгарылып, 465 талапкер калды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты