Депутат Мирлан Самыйкожо жазуучу Олжобай Шакирге көңүл бөлүүнү суранды

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 21-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо камакта жаткан акын, жазуучу, публицист Олжобай Шакирге өкмөттүн көңүл бөлүп коюусун суранды.

-Жазуучу, акын, публицист, калеми курч, тили заар, тили таттуу Олжобай Шакир деген бүгүн камакта отурат. Интеллигенциянын бүтүндөй өкүлдөрү кайрылып жатат, бийликке, ушуну карап берип койсоңуздар деп.  “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” дейт кыргыздар. Илгери Токтогул акын Сибирге айдалып кеткен сыяктуу, келгенден кийин деле Токтогул аты өчкөн жок. Олжобай дагы бүгүн камакта болсо, эртең чыккандан кийин дагы Олжобай аты өчпөйт окшойт, өчүрө албайбыз. Ал дагы абактан күнүгө аңгеме, ырларын жазып жатат.

“Телмирип сыртты карайм.

 Темир тор туш-туш бекем.

 Жатам да, күнүм санайм,

Үйүмө качан кетем?”

деп кайрылуу жазып жатат. Мүмкүн болсо, ушуга, президентибизге айтып, көңүл буруп койсоңуздар, -деди депутат Самыйкожо.

13-сентябрда Бишкек шаар сотуу жазуучу, публицист, активист Олжобай Шакирдин (Олжобай Эгембердиев) кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Олжобай Шакирди 23-августта кармаган жана ал 48 саатка камалган.

УКМК Олжобай Шакирге кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгонун 25-августта билдирген. Маалыматта шектүү “Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келгени, бул боюнча эксперттик корутунду да чыкканы” айтылат.

24-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда жазуучу жана активист Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасы жабык түрдө каралды. Сот Олжобай Шакирди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Сүрөттө: Олжобай Шакир. 18-сентябрдагы сотто. «ПолитКлиника».      

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты