Депутат Айдарова «Бүтүн Кыргызстан” фракция катарынан чыгарылышына жооп узатты

  • 2 месяца мурун

Депутат Айгүл Айдарова “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын катарынан чыгарылышы боюнча Фейсбук баракчасында жооп узатты.     

“Мени Бүтүн Кыргызстан фракциясынан чыгарганы мен үчүн эч кандай мааниге ээ эмес жана «фракция жыйындарына катышпай жүргөн» деген күнөө негизсиз. Биринчиден мандат алып иштеген күндөн баштап төрт жолу гана фракция жыйыны болгон. Мен баарына катышкам. Аны кесиптешим Алишер Эрбаев да тастыктап, фракция жыйынында айтып берди. Мейли, ал башкысы эмес. Фракциядан чыгаруу маселесин Мадумаров ушул күнгө чейин өзү бир да козгогон эмес, козгой да алмак эмес. Анын бир канча себептери бар. Болгону азыр чокту Масалиевдин колу менен кармады” деди  Айдарова.  

Депутат  фракциядан эмне себептен чыгарылганын мындайча билдирди:

“Болгону башкалар айтпаганды мен ачык айтып койгонум үчүн да жакпай калып жатам. Ток этерин айтканда фракциясы жок эле депутаттык ишмердүүлүгүмдү элим үчүн ак иштеп уланта беремин.”  

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы депутат Айгүл Айдарованы катарынан чыгарды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын ордуна Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Айгүл Айдарова депутат болуп келген.

Мыйзам боюнча квотанын негизинде аял депутат кетсе, ордуна аял киши келиши шарт. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесинде алган добушу боюнча Нарматовадан кийинки сапта Айдарова турган. 

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты