Нарматованын ордуна милициянын капитаны Айгүл Айдарова депутат болушу мүмкүн

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын ордуна Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Айгүл Айдарова депутат болуп келиши мүмкүн. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев билдирди.

Мыйзам боюнча квотанын негизинде аял депутат кетсе, ордуна аял киши келиши шарт. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесинде алган добушу боюнча Нарматовадан кийинки сапта Айдарова турат. 

Белгилей кетсек, кечээ, 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Орозайым Нарматованы депутаттык мандатынан ажыратты. Буга УКМК менен Билим берүү министрлигинин Нарматованын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы боюнча берген маалыматы негиз болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты