“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы депутат Айгүл Айдарованы катарынан чыгарды

  • 2 месяца мурун

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы депутат Айгүл Айдарованы катарынан чыгарды.

Бул тууралуу фракциянын жетекчиси Исхак Масалиев билдиргенин “АКИ- пресс” агенттиги жазды.

Айдарованы катарынан чыгаруу себебин фракция жетекчиси Исхак Масалиев анын эмгек тартибин сактабагандыгы, фракция жыйындарына катышпагандыгы, катышпаган себебин билдирбегени болгонун айтты.

Айдарова фракциянын катарынан чыгарылганы менен, Жогорку Кеңештин депутаты боюнча калат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын ордуна Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Айгүл Айдарова депутат болуп келген.

Мыйзам боюнча квотанын негизинде аял депутат кетсе, ордуна аял киши келиши шарт. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесинде алган добушу боюнча Нарматовадан кийинки сапта Айдарова турган. 

Сүрөттө: Айгүл Айдарова. kenesh.kg

   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты