Орозайым Нарматованын ордуна депутат болгон Айгүл Айдарова ант берди

  • 2 года мурун

Бүгүн, 26-январда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында БШК мандатын алып койгон Орозайым Нарматованын ордуна “Бүтүн Кыргызстан”  партиясынан депутат болуп келген Айгүл Айдарова ант берди.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды.

Мындай чечимге Нарматованын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгон.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты