Дагы бир адвокат кармалганы маалымдалды

  • 2 месяца мурун

Ички иштер министрлиги билдиргендей,  К.Т. аттуу адвокат айыпталуучулардын аракеттерин жеңилирээк беренеге кайра квалификациялоо үчүн Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнү тергөөчүсүнө  2000 АКШ доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык сунуштоого шектүү катары кармалды.

2024-жылдын 2-декабрында Чүй облусунун Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү тарабынан аны кызматтык кылмыш жасоого азгыруу аракети тууралуу маалымат келип түшкөн. 

Кылмыш ишине катышкандардын өкүлү бир нече жолу пара сунуштоо менен объективдүү тергөөнүн жүрүшүнө мыйзамсыз таасир этүүгө аракет кылган. Билдирүүгө ылайык, 1981-жылы туулган К.Т. аттуу адвокат айыпталуучулардын аракеттерин жеңилирээк беренеге кайра квалификациялоо үчүн 2000 АКШ доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык сунуштаган.

Тергөөчү мыйзамсыз аракеттер тууралуу жетекчиликке дароо кабарлаган.

Көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде  Башкы прокуратура тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин (Пара берүү) негизинде кылмыш иши козголду.

Кошумча тергөө иштерин жүргүзүү үчүн иш ИИМдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

3-декабрда ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери, тергөө кызматы менен бирге К.Т. аттуу адвокатты кармашкан. 215 000 сом акча каражаты Сокулук РИИБинин тергөөчүсүнүн иш бөлмөсүндө берилгендиги катталган.

Азыркы учурда К.Т.  кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Буга чейин 29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Самат Матцаковдун үйүн тинтүүгө алышып, өзүн кармап кетишкен.

Күч органдары адвокатты кармап бара жатканда ал журналисттерге учкай комментарий берип, кармалганын өзүнүн адвокаттык ишине байланыштырарын айткан. Ошондой эле УКМКнын тергөөчүсү ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу дисктерди жана диктофонду алганын билдирген.

Матцаков абактагы ишкер Имамидин Ташовдун жактоочусу болуп жаткан. Ошондой эле ал — жапырт кармалган 11 журналисттин бири Актилек Капаровдун, ошондой эле акын Аскат Жетигендин да жактоочусу болгон.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту жактоочу Самат Матцаковдун баш коргоо чарасын карап, аны 30-декабрга чейин камакка алуу чечимин кабыл алган.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Дагы бир адвокат кармалганы маалымдалды
Дагы бир адвокат кармалганы маалымдалды
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты