Кара-Суу шаар кеңешинин төрагасы кармалды

Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы П. Ж. кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.  

Тергөөнүн маалыматына ылайык, 2022-жылдын 29-июлунда П.Ж. кызмат абалынан пайдаланып, Кара-Суу шаарында жайгашкан, аянты 82,75 чарчы метр соода жүргүзүүгө арналган муниципалдык жер тилкесин аукцион өткөрбөстөн, түз келишимдин негизинде жеке жакка мыйзамсыз сатып жиберген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө П.Ж.нын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөгө укук берген жогорку билими тууралуу дипломунун жоктугу аныкталган. Ал жасалма документтин негизинде муниципалдык кызматтарды ээлеп, мыйзамсыз түрдө эмгек акы алып келгендиги белгилүү болгон.

Натыйжада мамлекетке алдын ала эсеп боюнча 5 млн сомдон ашык өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

29-сентябрда П.Ж. козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары кармалды.

Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты