Экс-транспорт министри Нурлан Сулаймановдун кармалганы кабарланды  

Мурдагы транспорт министри Нурлан Сулаймановдун кармалганын бир катар ЖМК  жеке булактарынын айтымында жазды.

Нурлан Сулаймановду Ички иштер министрлиги дем алыш күнү кармаган, бирок себеби айтылган эмес.

Мурдагы транспорт министри милициянын убактылуу жайына камалганы  маалымдалды.  

Нурлан Сулайманов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда транспорт жана жолдор министри болуп иштеген. Ага чейин ал Бишкек-Ош авто жолунун башкы башкармалыгынын директору болуп турган. Ошондой эле 2010-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамы менен Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты болгон. 

Сулаймановдун аты мурда жол курулуш жабдууларын жана битумду сатып алууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча козголгон кылмыш ишинде аталган. 2022-жылы маалымат каражаттары анын бул ишке байланыштуу издөөдө жүргөнүн жазышкан.

Башкы прокуратура Нурлан Сулаймановго 2012-жылы – КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн жүрүшүндө Сулайманов 2007-жылы тендер өткөрүүдө өзүнүн жакындары менен байланышы бар бир нече компаниялардын кызыкчылыгын көздөгөндүгү аныкталган.  Буга байланыштуу 2014-жылдын 22-апрелинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Нурлан Сулаймановго карата баш коргоо чарасы сыртынан камакка алынып, ага издөө жарыяланган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматка ылайык, Нурлан Сулайманов министр болуп турган убакта мамлекетке дээрлик  41 миллион 220 миң 25 сом зыян келтиргени белгилүү болгон.

Бирок кийинчерээк , Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2016-жылдын 22-апрелиндеги чечими менен мурдагы транспорт министри Нурлан Сулаймановго карата козголгон кылмыш иши токтотулган. Мындай чечимдин негизги себеби, кылмыш-жаза жоопкерчилигинин мөөнөтү эскиргендигине  байланыштуу экени белгиленген. 

Нурлан Сулайманов 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Кыргызстан” партиясы менен катышкан. 

Сүрөттө: Нурлан Сулайманов: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты