Дүйнө чемпионаты: Өзбекстан курама командасы Португалиядан 5:0 эсебинде жеңилди

  • 2 месяца мурун

23-июнда футбол боюнча дүйнө чемпионатында Өзбекстан курама командасы Португалия курама командасы менен беттешип, 5:0 эсебинде жеңилди.

Өзбекстан К тайпасында Колумбия, Португалия жана Конго Демократиялык Республикасынын курама командалары менен күч сынашууда.

Өзбекстандын кийинки беттеши Конго курама командасы менен өтөт.

Буга чейин алар Колумбия курама командасы менен болгон оюнда 3:1 эсебинде утулган.

Колумбия менен болгон оюнда Аббосбек Файзуллаев гол киргизип, дүйнө чемпионатында гол жараткан алгачкы өзбекстандык футболчу катары тарыхка кирди.

Бул Өзбекстандын дүйнө чемпионатына алгачкы катышуусу болуп саналат.

Мексиканын борбору Мехико шаарынын “Ацтека” стадионунда 11-июнда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Дүйнө чемпионатына 48 мамлекеттин командасы катышууда. КМШги кирген мамлекеттердин арасында Өзбекстан командасы футбол боюнча дүйнө чемпионатына биринчи жолу катышат.  

Бул жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты тарыхтагы эң узун беттеш болмокчу. Анда 104 мелдеш өтүп, 19-июлга чейин созулат. Оюндар Мексикадан тышкары АКШда жана Канадада өтөт. Ал эми дүйнө чемпионатынын финалы Нью-Йоркго жакын, Нью-Жерси шаарынын “Метлайф” стадионунда болот.

Сүрөт:  FIFA

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты