Мексикада футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды
- 2 месяца мурун
Мексиканын борбору Мехико шаарынын “Ацтека” стадионунда 11-июнда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды.
Дүйнө чемпионаты башталаар алдында Шакира дүйнө чемпионатынын расмий гимни болгон Dai Dai аттуу ырын ырдады.
Расмий бөлүктүн аягында чемпионатка катышкан 48 мамлекеттин желеги желбиреди. КМШги кирген мамлекеттердин арасында Өзбекстан командасы футбол боюнча дүйнө чемпионатына биринчи жолу катышат.
Дүйнө чемпионатынын биринчи күнүндө Мексика менен Түштүк Африка Республикасынын командалары беттешти. Оюн 2:0 эсебинде командасынын жеңиши менен аяктады.
Бул жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты тарыхтагы эң узун беттеш болмокчу. Анда 104 мелдеш өтүп, 19-июлга чейин созулат. Оюндар Мексикадан тышкары АКШда жана Канадада өтөт. Ал эми дүйнө чемпионатынын финалы Нью-Йорк шаарына жакын, Нью-Жерси шаарынын “Метлайф” стадионунда болот.
Сүрөт: Интернет булактарынан




