Өзбекстан-Португалия: Футбол беттешин онлайн көрүүгө Бишкекте аянтча уюштурулат  

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 23-июнда, Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын финалдык баскычынын экинчи турунун алкагында өтө турган Өзбекстан-Португалия беттешин онлайн көрсөтүү үчүн күйөрмандар аймагы уюштурулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Бишкек шаарында чоң экран орнотулуп, каалоочулардын бардыгы оюнду бирге көрүп, майрамдык маанайда командаларды колдой алышат.

Саат 21:20да кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда көңүл ачуучу программа башталат. Саат 22:00дөн 23:00гө чейин оюн боюнча комментарийлер коштолгон түз эфир көрсөтүлөт. Беттештин башталышы — саат 23:00.

Мэрия борбор шаар тургундарын жана конокторун бул иш-чарага катышып, кечти жакын адамдардын чөйрөсүндө, чоң футболдун атмосферасынан ырахат алууга чакырат.

Иш-чаранын өткөрүлүшүнө байланыштуу Орозбеков жана Абдумомунов, Орозбеков жана Фрунзе, Раззаков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиштеринде, ошондой эле Абдумомунов көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде, Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн Абдумомунов көчөсүнөн Улуттук тарых музейине чейинки бөлүгүндө автотранспорттун кыймылы убактылуу чектелет. Мэрия шаар тургундарынан жана конокторунан каттамдарын алдын ала пландап алууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты