Футбол: Дүйнө чемпионатында Өзбекстан — Колумбия мелдешинде колумбиялыктар жеңди
- 2 месяца мурун
Өзбекстан командасы дүйнө чемпионатындагы тарыхый алгачкы оюнун Колумбия командасы менен баштады. Эсеп 3:1 болуп, колумбиялыктардын пайдасына чечилди.
Беттеш Мексиканын борбору Мехико шаарындагы Эстадио Ацтека стадионунда өттү.
Бул оюнда Аббосбек Файзуллаев дүйнө чемпионатында гол киргизген алгачкы өзбекстандык футболчу болду.
Өзбекстандын кийинки атаандашы Португалиянын курама командасы болот. Беттеш 23-июнда АКШнын Хьюстондогу NRG стадионунда өтөт. Өзбекстан К тайпасында Колумбия, Португалия жана Конго командалары менен бирге ойнойт.
Бул алардын дүйнө чемпионатына алгачкы катышуусу болуп саналат.
Мексиканын борбору Мехико шаарынын “Ацтека” стадионунда 11-июнда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Дүйнө чемпионатына 48 мамлекеттин командасы катышууда. КМШги кирген мамлекеттердин арасында Өзбекстан командасы футбол боюнча дүйнө чемпионатына биринчи жолу катышат.
Бул жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты тарыхтагы эң узун беттеш болмокчу. Анда 104 мелдеш өтүп, 19-июлга чейин созулат. Оюндар Мексикадан тышкары АКШда жана Канадада өтөт. Ал эми дүйнө чемпионатынын финалы Нью-Йоркго жакын, Нью-Жерси шаарынын “Метлайф” стадионунда болот.
Сүрөт: Getty Images




