Белгилүү футбол калысы, устат Виктор Колпаков дүйнөдөн кайтты  

Белгилүү футбол калысы, инспектор, инструктор жана устат, Кыргызстанда жана Азияда футболдук калыстыктын өнүгүшүнө зор салым кошкон Виктор Юрьевич Колпаков 68 жашында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.  

Виктор Колпаков өмүрүнүн көп жылдарын футболго арнаган. Анын калыстык карьерасы 1979-жылы, 21 жашында башталган. Эки жылдан кийин СССРдин республикалык калыс категориясына ээ болгон. Ал эми 1983-жылдан тартып СССРдин 1- жана 2-лигаларынын, ошондой эле СССР чемпиондугунун буфердик зонасынын мелдештеринде калыстык кылган.

Виктор Колпаковдун кесиптик ишмердүүлүгүндө эл аралык деңгээлдеги ишмердиги өзгөчө орунду ээлейт. 1994–2004-жылдары Кыргызстандын атынан ФИФА калысы болуп, өлкөбүздү эл аралык аренада татыктуу өкүлчүлүк кылган.

1997-жылдан тартып Виктор Юрьевич улуттук мелдештерде инспекторлук кылып, футболдук калыстар үчүн семинарларды жана окуу курстарын өткөргөн. Анын бай тажрыйбасы калыстардын жаңы муунун даярдоодо чоң мааниге ээ болгон.

2006-жылы АФКнын инспектору болуп дайындалып, 2007-жылдан тартып АФКнын мелдештеринде инструктор катары иш алып барган. 2008–2013-жылдары ФИФАнын инструктору болуп эмгектенген.

Виктор Колпаков Бинаретдин Султанбаев атындагы калыстарды даярдоо мектебин жетектеп, калыстардын бир нече муунун даярдоого түздөн-түз салым кошкон.

Виктор Юрьевичтин футболдогу эң чоң мурасы — анын шакирттери.

Анын калыстарды даярдоого кошкон салымы Кыргызстандын чегинен чыгып, Азиянын ар түрдүү өлкөлөрүнүн калыстарын даярдоого да багытталган.

Кыргыз футбол биримдиги Виктор Колпаковдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына, кесиптештерине, шакирттерине жана аны тааныган бардык адамдарга терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Виктор Юрьевич Колпаковдун жаркын элеси, эмгеги жана футболдук калыстыктын өнүгүшүнө кошкон салымы кыргыз футболунун тарыхында түбөлүккө сакталат.

Сүрөттө: Виктор Колпаков. КФБ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты