Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандын курама командасы беш медаль жеңди
- 3 часа мурун
- Жаңылыктар
Астана шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар эки күмүш жана үч коло медаль жеңип алды.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
24-октябрдан 1-ноябрга чейин Астана шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Кыргыз Республикасынын намысын 22 спортчу коргоду. Мелдештин жыйынтыгында улуттук курама команда эки күмүш жана үч коло медаль жеңип алды.
Грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (82 кг чейин) жана Амантур Исмаилов (72 кг чейин) коло медаль ээси болду.
Эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев (70кг чейин) күмүш медалга ээ болду. Малик Шаваев (86 кг чейин) коло медаль жеңип алды.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Мээрим Жуманазарова (68 кг салмак ченинде) күмүш медаль тагынды.
Командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы 14-орунду жана эркин күрөш боюнча 6-орунду ээледи.
Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги




