Дүйнө чемпионаты: Эрназар Акматалиев күмүш медаль, Малик Шаваев коло медаль тагынды

Астана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында 31-октябрда эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев күмүш медаль, Малик Шаваев кол медалга татыктуу болду.  

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Эрназар Акматалиев 70 кг салмак категориясында финалдык беттеште россиялык Ибрагим Ибрагимов менен күч сынашып, 2:5 эсебинде утулуп, күмүш медаль тагынды.

Ал эми 86 кг салмакка чейинки мелдеште кыргызстандык балбан Малик Шаваев коло медалга ээ болду. Үчүнчү орун үчүн беттеште ал россиялык Ибрагим Кадыевди 4:3 эсебинде жеңип алды.  

Сүрөт:  UWW

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты