Чет өлкөлүктөрдү сабоого жана карактоого шектелип беш жаран кармалды (Видео)

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Аламүдүн айылындагы Курманжан датка көчөсүндөгү Индия, Бангладеш жана Пакистандын жарандары иштеген тигүү цехинин мүлкүн талкалаган, чет өлкөлүктөрдү сабаган жана карактаган деген шек менен беш жаран кармалып, убактылуу камоо жайына киргизилди.

Бул тууралуу ички иштер министрлиги (ИИМ) бүгүн, 22-майда билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 18-майда белгисиз адамдар Аламүдүн айылындагы болжол менен саат 04:30 да 60-70 киши Индия, Бангладеш жана Пакистан жарандары иштеген “А-С-Т” тигүү цехине келип, бейбаштык кылып, мүлктү талкалап, каракташкан. Алар чет элдик жарандардын акчасын, мобилдик телефондорун тартып алышкан.

Бул кылмыш кодексинин 278-беренеси менен, жапырт башаламандык боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилген.

Аталган тигүү цехине материалдык чыгым келтирилген, 14 жаран дене боюнан жаракат алып, республикалык ооруканага жеткирилген.   

Тергөө иштеринин натыйжасында Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан үч жаран кармалган. Алар 1968-жылы туулган Б.Б., 1995-жылы туулган Т.Б., 2003-жылы туулган Д.Б., 2003-жылы туулган Р.А., 2005-жылы туулган А.К. Алар кылмыш кодексинин 96-беренеси боюнча шектелип кармалып, убактылуу камак жайына алынган.

Аларды тинтүү учурунда үйлөрүнөн “Редми”, “Самсунг” 6 мобилдик телефон, сом, рупийлер табылган.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.     

Чет өлкөлүктөрдү сабоого жана карактоого шектелип беш жаран кармалды (Видео)

 

ИИМдин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 17-майында «Инстаграм» тиркемесинин «Ньюс Кейджи» баракчасында Бишкек шаарынын Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда жапырт мушташ болуп жаткан видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген.

13-майдагы окуяларга нааразы болгон жаштар, 18-майда кечинде, саат 22:00 чамасында, Бишкек шаарынын Курманжан-Датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогула баштап, чогулгандардын саны 500дөн 700гө  жеткен.

Жатаканадагы мушташ фактысы боюнча Свердлов РИИБде кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Бишкекте Атай Огонбаев атындагы жатаканада жашаган чет элдик студенттерди 13-майда карактоого шектүүлөр камакка алынды.

Бейбаштык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча 2000-жылы туулган А. М., 1993-жылы туулган А.М., 2002-жылы туулган А. А., 2003-жылы туулган С.Х. аттуу төрт чет өлкөлүк жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 20-майда кармалган чет өлкөлүк төрт жаран үй камагына чыгарылды.

Видео: Чүй ОИИБ

Сүрөттөр: Чүй ОИИБ

Баш сүрөт: Видеодон алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты