Бишкекте жатаканада чет элдик жарандарды карактоого шектүүлөр камакка алынды

  • 2 месяца мурун

Бишкекте Атай Огонбаев атындагы жатаканада жашаган чет элдик студенттерди 13-майда карактоого шектүүлөр камакка алынды.

Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирди.

Анда тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада каракчылык шектүүлөр — 2006-жылы туулган М.Н., 2005-жылы туулган Ш.Т., 2005-жылы туулган Н.Б. аттуу жарандар экендиги такталгандыгы айтылат.

Тергөө иштери жүргүзүлүп, жарандык-процесстик кодекстин  96-беренесинин тартибинде 2006-жылы туулган М.Н., 2005-жылы туулган Ш.Т., 2005-жылы туулган Н.Б кылмыш жасады деген шек менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланып жатканы айтылды.

Жатаканадагы мушташ фактысы боюнча Свердлов РИИБде кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Бейбаштык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча 2000-жылы туулган А. М., 1993-жылы туулган А.М., 2002-жылы туулган А. А., 2003-жылы туулган С.Х. аттуу төрт чет өлкөлүк жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүн, 20-майда, кармалган чет өлкөлүк төрт жаран үй камагына чыгарылды.

Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган төрт адамдын экөө аныкталды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты