ИИМ: Бишкекте түндө болгон окуялардын хронологиясы

Ички иштер министрлиги Бишкекте 18-майга караган түнү болгон окуялардын хронологиясын жарыя кылды.

  1. Маалыматта айтылгандай, окуянын башы мындай башталган: 2024-жылдын 13-майына караган түнү саат 02.00дө Бишкек шаарынын «Чыгыш-5» кичирайонунда жайгашкан пицца саткан жайдын жанында азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдардын тобу чет элдик студенттерди тосуп алып, аларга тийишип тамеки сурап, “эмне үчүн бул жерде тамеки чегип жатасыңар” деп коркута баштаган. Бирөө кол көтөрө баштаганда, чет өлкөлүк жарандар качып кетишкен.  

2. Чет элдик жарандар качып, Атай Огонбаев көчөсүндө жайгашкан жатаканага жетүүгө үлгүрүшкөн. Белгисиз адамдардын тобу чет элдик жарандарды артынан кубалап, А.Огонбаев көчөсүндөгү жатаканага кирип, ал жакта жашаган чет элдик жарандарга күч колдонуп, акча каражаттарын жана буюмдарын тартып алышкан.

3. Алар ар кайсы бөлмөлөрдүн эшиктерин тээп, кыздар жашаган бөлмөлөргө киргенде, жатаканада жашаган чет элдик жарандар чогулуп, келгендерди кетиргенге аракет кылып, ортодо мушташ чыккан. Мушташ жатакананын короосунда болуп, келгендер бирөөнү таштап качып кетишкен.

4. Жатаканада жашаган чет элдик жарандар «Тез жардам» чакырып, калып таяк жеген жаранды ооруканага жөнөтүшкөн. Ооруканага келгенде ал аты-жөнүн башкача атап, окуянын жагдайлары боюнча түшүндүрмө берген эмес. Денесине жаракат алгандыгы боюнча арыз менен кайрылган эмес. Ал керектүү медициналык жардамды алып, ооруканадан кетип калган.

5. Окуялардын хронологиясы, болгон жагдайлар, белгисиз адамдардын тобу чет өлкөлүк жарандарды кантип куугунтукташканы, жатаканага киришкени жана эки тараптын катышуусу менен болгон мушташ тышкы көзөмөл видеокамерасында жазылып калган. 

6. Жатаканадагы мушташ фактысы боюнча Свердлов РИИБде rылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

7. Бейбаштык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча 2000-жылы туулган А. М., 1993-жылы туулган А.М., 2002-жылы туулган А. А., 2003-жылы туулган С.Х. аттуу төрт чет өлкөлүк жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

8. Ал эми тоноочулук фактысы боюнча арыз менен: 2004-жылы туулган Э. А. денесинен жаракат алып, 2003-жылы туулган Х.А. 1250 АКШ долларын жана «Айфон-15 ПроМакс» үлгүсүндөгү телефонун алдырып жана 2003-жылы туулган А.М. 1550 АКШ долларын жана барсеткасын алдырып жибердим деп кайрылышкан.

9. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган төрт адамдын экөө аныкталды, алар:
Мукаев Нурсултан Жолдошбекович 2006-жылы Кемин районунун тургуну;
Шерматов Тилек Сардарбекович 2005-жылы Кемин районунун тургуну.
Учурда милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча иш алып барууда.

10. 2024-жылдын 17-майында «Инстаграм» тиркемесинин «Ньюс Кейджи» баракчасында, Бишкек шаарынын Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда жапырт мушташ болуп жаткан видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген.

11. 13-май күнү болгон окуяларга нааразы болгон жаштар, 18-май күнү кечинде, саат 22:00 чамасында, Бишкек шаарынын Курманжан-Датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогула баштап, чогулгандардын саны 500дөн 700гө  жеткен.

12. Чогулгандар Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда мушташуу фактысы боюнча күнөөлүү адамдарга карата укук коргоо органдары тарабынан чара көрүүнү талап кылышкан.

13. Милиция кызматкерлери тарабынан жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң чогулгандар тарап кетишкен.

14. Түнкүсүн кызыкдар болгон тараптар, абалдан пайдаланып, кырдаалды туруксуздаштыруу максатында бул окуяда каза болгондор бар деген маалыматтарды мессенжерлер аркылуу тарата баштаган. “Каза болгондор бар” деген маалымат чындыкка дал келбейт. 

ИИМ Бишкек шаарынын тургундарын жана борбордун конокторун жалган маалыматтарга ишенбөөгө, чагымчылдыкка барбоого чакырат. Жалган маалымат таратуу менен алектенген адамдарга коомчулукту адаштырбоону эскертип, болбосо мыйзам чегинде жоопко тартыларын белгилейт.

Бул окуя боюнча чет элдик төрт жаран кармалды.

ИИМ: Бишкекте түндө болгон окуялардын хронологиясы
ИИМ: Бишкекте түндө болгон окуялардын хронологиясы
ИИМ: Бишкекте түндө болгон окуялардын хронологиясы
ИИМ: Бишкекте түндө болгон окуялардын хронологиясы

Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган төрт адамдын экөө аныкталды, алар: Нурсултан Мукаев 2006-жылы туулган, Тилек Шерматов 2005-жылы туулган, экөө тең Кемин районунун тургундары.
Учурда милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын өздүгүн тек-жайын аныктоо боюнча иш алып барууда.

ИИМ: Бишкекте түндө болгон окуялардын хронологиясы
ИИМ: Бишкекте түндө болгон окуялардын хронологиясы

17-майдан 18-майга караган түнү тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 15  адам шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

Маалыматта айтылгандай, 18-майдын таңына карата шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы.

Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.

12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты.

17-май күнү кечинде Бишкек шаарында, Чүй жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги конок үйдүн биринин жанында 100дөн ашык киши топтолду. Социалдык тармактарда тараган видеолордо турган адамдардын айрымдарын милиция кызматкерлери кармап кетип жатканын көрүүгө болот.

17-майда кечинде Интернетте «чет элдиктер аралашкан» деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазып чыгышты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты