Бишкектеги окуя: Кармалган чет элдик төрт жаран үй камагына чыгарылды  

  • 2 месяца мурун

Бишкектеги жакында болгон окуяга байланыштуу кармалган чет өлкөлүк төрт жаран үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу Свердлов райондук сотунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 19-майда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Египеттин төрт жаранынын кармалышынын мыйзамдуулугун аныктоо жана аларды үй камагына чыгаруу өтүнүчү келтирилген.   

Алар мыйзамдуу негизде кармалганы сот тарабынан тастыкталып, аларды үй камагына чыгаруу өтүнүчү канаттандырылды. Кармалган чет элдик төрт жаран 17-июлга чейин үй камагына чыгарылды.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 17-майында «Инстаграм» тиркемесинин «Ньюс Кейджи» баракчасында, Бишкек шаарынын Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда жапырт мушташ болуп жаткан видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген.

13-майдагы окуяларга нааразы болгон жаштар, 18-майда кечинде, саат 22:00 чамасында, Бишкек шаарынын Курманжан-Датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогула баштап, чогулгандардын саны 500дөн 700гө  жеткен.

Жатаканадагы мушташ фактысы боюнча Свердлов РИИБде кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Бейбаштык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча 2000-жылы туулган А. М., 1993-жылы туулган А.М., 2002-жылы туулган А. А., 2003-жылы туулган С.Х. аттуу төрт чет өлкөлүк жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты