“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму бийликти Актилек Капаровду абактан бошотууга чакырды

  • 2 месяца мурун

“Чек арасыз кабарчылар” (RSF) эл аралык уюму бийликти “Темиров лайв” жана “Айт-айт-десе” долборлорунун мурдагы кызматкери Актилек Капаровду аны менен чогуу кармалган Айке Бейшекееваны, Азамат Ишенбековду жана Махабат Тажибек кызын камактан бошотууга чакырды.  

Уюм Актилек Капаровдун жана аны кармалган кесиптештеринин болгон күнөөсү алардын журналисттик ишмердигине байланыштуу экенин белгиледи. Ошол себептен бийликти камалган журналисттерди бошотууга чакырды.  

“Темиров лайв” жана “Айт-айт-десе” долбоорлорунун мурдагы кызматкери Актилек Капаров абактан кат жазды. Андагы катында ал беш айдан бери күнөөсүз кармалып жатканын, ошол убакыт ичинде 4-айда гана, сот алдында сурак бергенин билдирди. Ошондой эле ал абакта колун кескенин, өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчилик кимдерде болорун айтып өттү.

Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) 30-майда Бишкектеги №21 мекемесинде жаткан Актилек (Мааданбек) Капаровдун колдорун кескилегендиги тууралуу маалымат боюнча билдирүү таратты:      

“Интернет желесинде ЖАКтын №21 мекемесинде кармалып турган айыпталуучу Капаров Мааданбек (Актилек) Таалайбековичтин абак бөлмөсүнөн өз өмүрүнө кол салгандыгы тууралуу жаңылык тарап жатат. Аталган айыпталуучу менен маектешүү учурунда ал 28-майда сот залына кирерде калем сап (ручка) менен колдорун чийгилегенин айтып берген. Ошондой эле мекеменин кызматкерлерине жана абак бөлмөнүн жашоо-шартына арыз-доосу жок экенин оозеки билдирип, түшүнүк кат жазуудан жана медициналык кароодон өтүүдөн баш тартты. Бул боюнча мекеменин кызматкерлери тиешелүү акт түздү” деп билдирет жаза аткаруу кызматы.

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын 11 кызматкерин эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Алардын бир тобу үй камагына чыгарылды.

Кармалган журналисттер – «Темиров LIVE» редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, «Нур пресс» медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, «Темиров LIVE» редакциясынын, «Айт, айт десе» долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, «Темиров LIVE» редакциясынын мурдагы журналисти, учурда «Арча Медиада» (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр «Алга Медианы» иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында «Темиров LIVE» каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып «ПолитКлиникада» иштеп жаткан Тыныстан Асыпбеков.

ИИМ медиа кызматкерлери кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар)  үчүнчү бөлүгү боюнча  (Бийлик өкүддөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун маалыматына ылайык, 2024-жылдын 1-январына карата дүйнөдө 12 журналист өлтүрүлгөн. 573 журналист кармалган, алардын арасынан 26сы ЖМК кызматкерлери болуп саналат.

Сүрөттө: Актилек Капаров сотто. «ПолитКлиника».

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты