Жаза аткаруу кызматы Капаров колдорун калемсап менен чийгилегенин билдирди

  • 2 месяца мурун

Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) Бишкектеги №21 мекемесинде жаткан Актилек (Мааданбек) Капаровдун колдорун кескилегендиги тууралуу маалымат боюнча билдирүү таратты:      

“Интернет желесинде ЖАКтын №21 мекемесинде кармалып турган айыпталуучу Капаров Мааданбек (Актилек) Таалайбековичтин абак бөлмөсүнөн өз өмүрүнө кол салгандыгы тууралуу жаңылык тарап жатат. Аталган айыпталуучу менен маектешүү учурунда ал 28-майда сот залына кирерде калем сап (ручка) менен колдорун чийгилегенин айтып берген. Ошондой эле мекеменин кызматкерлерине жана абак бөлмөнүн жашоо-шартына арыз-доосу жок экенин оозеки билдирип, түшүнүк кат жазуудан жана медициналык кароодон өтүүдөн баш тартты. Бул боюнча мекеменин кызматкерлери тиешелүү акт түздү” деп билдирет жаза аткаруу кызматы.

Аталган фактынын негизинде 30-майда Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү жана Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрү айыпталуучу менен маектешип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кеткени айтылат.

Жаза аткаруу кызматы Капаров колдорун калемсап менен чийгилегенин билдирди

“Темиров лайв” жана “Айт-айт-десе” долбоорлорунун мурдагы кызматкери, абакта жаткан Актилек Капаров абактан кат жазды. Андагы катында Актилек Капаров беш айдан бери күнөөсүз кармалып жатканын, ошол убакыт ичинде 4-айда гана, сот алдында сурак бергенин билдирди.

Ошондой эле ал абакта колун кескенин, өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчилик кимдерде болорун айтып өттү.

-Абакта СИЗО-1 Махабат Тажибек кызынын, УКМК убактылуу абак жайында Аскат Жетигендин сабалганын эске алып, менин өмүрүмө жана ден соолугума президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманбек Зулушев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ИИМ министри Улан Ниязбеков жооптуу болот,-деп билдирди Актилек Капаров.  

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын 11 кызматкерин эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

ИИМ медиа кызматкерлери кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар)  үчүнчү бөлүгү боюнча  (Бийлик өкүддөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

Сүрөттөр: ЖАК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты