Абактан кат: Актилек Капаров өз өмүрү, ден соолугу үчүн жооптууларды атады  

  • 2 месяца мурун

“Темиров лайв” жана “Айт-айт-десе” долбоорлорунун мурдагы кызматкери, абакта жаткан Актилек Капаров абактан кат жазды.

Андагы катында Актилек Капаров беш айдан бери күнөөсүз кармалып жатканын, ошол убакыт ичинде 4-айда гана, сот алдында сурак бергенин билдирди. Абакта жаткан учурда таенеси каза болуп калганын жана аны жерге берүү же куран окутууга Бишкек шаарына чыгууга уруксат берилбегенин белгиледи.

Актилек Капаров “Темиров лайв” жана “Айт-айт-десе” долбоорлору боюнча айып коюлган видео тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин, аталган долбоорлордо 2023-жылдын август айынан бери иштебей калганын айткан.

Өзүнө журналисттик ишмердигине байланыштуу, жогорку кызматтагагы адамдардын коррупциялык иштерин ачып бергендиги үчүн айып коюлуп жаткандыгын билдирди.

-Менин эч кандай тиешем жок видео үчүн эмес, журналисттик ишмердигим үчүн, депутаттарды жана чиновниктерди айып пул төлөтүүгө  мажбурлаганым,  жогорку кызмат адамдарынын коррупциялык схемаларын ачып бергеним үчүн куугунтуктап жатышат деп эсептейм. Алсак, Акылбек Жапаровдун Мальтадагы оффшордук компаниясын, «Дамас» отели кантип мамлекеттик тендерлерди жеңип алганын жазып чыкканым үчүн, чиновниктердин балдары, аялы мамлекеттик тендерлерде ондогон, жүздөгөн миллион сомдордук тендерлерди кантип жеңип алгандыгы тууралуу журналисттик иликтөөлүр үчүн куугунтуктап жатышат,-деди Капаров.

Ошондой эле Актилек Капаров такыр күнөөсү болбосо да, беш айдан бери абакта, СИЗО-1де кармап жатканын, өзүн тез арада эркиндикке чыгарыш керек экенин билдирди.

Ошондой эле ал абакта колун кескенин, өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчилик кимдерде болорун айтып өттү.

-Абакта СИЗО-1 Махабат Тажибек кызынын, УКМК убактылуу абак жайында Аскат Жетигендин сабалганын эске алып, менин өмүрүмө жана ден соолугума президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманбек Зулушев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ИИМ министри Улан Ниязбеков жооптуу болот,-деп билдирди Актилек Капаров.  

Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров Бишкектеги №1 тергөө абагында сабалды деген Temirov Live жана «Айт айт десе» долбоорлорунун жетекчиси, жубайы Махабат Тажыбек кызынын сүрөттөрүн Фейсбук баракчасына жарыялады.

Жаза аткаруу кызматы “Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору, төрт айдан бери тергөө абагында отурган Махабат Тажыбек кызы Бишкектеги №1 тергөө абагында ур-токмокко алынды деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгилеген. Маалыматка караганда, 5-апрелде Махабат Тажыбек кызы отурган камерадагы бир аялды башка камерага которуу учурунда тергөө абагында отургандар кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартып, каршы чыгышкан.

16-январда «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын, бардыгы 11 кызматкердин үйүндө тинтүү болуп, өздөрү ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып келинген.

ИИМ медиа кызматкерлери кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар)  үчүнчү бөлүгү боюнча  (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Алардын бир тобу үй камагына чыгарылган.

Абактан кат: Актилек Капаров өз өмүрү, ден соолугу үчүн жооптууларды атады  
Абактан кат: Актилек Капаров өз өмүрү, ден соолугу үчүн жооптууларды атады  
Абактан кат: Актилек Капаров өз өмүрү, ден соолугу үчүн жооптууларды атады  
Абактан кат: Актилек Капаров өз өмүрү, ден соолугу үчүн жооптууларды атады  
Абактан кат: Актилек Капаров өз өмүрү, ден соолугу үчүн жооптууларды атады  

Сүрөттө: Актилек Капаров сотто. «ПолитКлиника».

              

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты