Бишкек мэри коомдук унаада баланы арабада алып жүргөндөрдү жол акыдан бошотууну караштырууну тапшырды
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарынын мэри коомдук транспортто балдар арабасы үчүн жол акысын төлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.
Бул тууралуу мэр «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров менен жолугушууда билдирди.
«Балдар арабасы менен коомдук транспортко түшкөн ата-энелер араба үчүн жол акысын төлөбөгөндөй шарт түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл. Колдонуудагы жоболорго өзгөртүү киргизилгенге чейин бул демилгени ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыгып, аны бир айлык пилоттук режимде ишке киргизгиле” деди Жунушалиев.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




