“Үркүндүн” 110 жылдыгы: Эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт

  • 1 месяц мурун

2026-жылы “Үркүн” окуясынын 110 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөөгө багытталган бир катар эскерүү жана илимий-маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, 8-августта Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айылында жайгашкан Үркүн окуясынын курмандыктарына арналган монументте эскерүү иш-чарасы уюштурулат.

Андан соң иш-чаралар Аламүдүн районундагы “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде улантылып, анда куран окутуу менен коштолгон митинг-реквием жана тарыхый эс тутумду сактоого багытталган башка коомдук иш-чараларды уюштуруу пландалууда.

Мындан тышкары 6–7-ноябрда Тарых жана ата бабаларды эскерүү күнүнө карата “Үркүн” окуясынын 110 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт.

Конференциянын алкагында ата мекендик жана чет өлкөлүк окумуштуулардын катышуусунда Үркүндүн тарыхый себептери, кесепеттери, анын улуттук эс тутумдагы орду жана азыркы илимий изилдөөлөрдүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Илимий форумдун маданий программасына “Үркүн” темасына арналган театралдаштырылган спектакль, көргөзмөлөр жана башка маданий иш-чаралар киргизилет.

Аталган иш-чараларды Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Президенттин Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, ошондой эле Улуттук илимдер академиясы менен бир катар мамлекеттик жогорку окуу жайлар уюштурат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты