Академик Мамбет Мамакеевдин сөөгү жерге берилди

Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер жана Эмгек сиңирген дарыгери, маркум Мамбет Мамакеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Бул тууралуу Министрлер кабинети маалымдады.    

Өз сөзүндө МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров Мамбет Мамакеевдин ата мекендик медицинаны өнүктүрүүгө жана улуттун саламаттыгын сактоого кошкон өзгөчө салымын белгиледи.  

“Мамбет Мамакеевичти кыргыз медицинасынын туу көтөргөн кесипкөйү катары баалайбыз. Ал кыргыз хирургдар мектебинин негиздөөчүсү, Улуттук хирургия борборунун түзүүчүсү болду”деди Акылбек Жапаров.  

Акылбек Жапаров андан ары Мамбет Мамакеевдин жетекчилиги менен 20 илимдин доктору, 22 илимдин кандидаты даярдалган айтып, ошондой эле 260 илимий эмгеги жана 13 монографиясы анын күжүрмөндүгүнүн, талыкпас эмгекчилдигин даана көрсөтүп тураарын кошумчалады.  

“Мамбет Мамакеевич дээрлик кылым жашады. Эгемен өлкөбүздүн 100 жылдык тоюн көрүп, андан соң келбес сапарга узап жатат. Элибиздин жакшылыгын да, жамандыгын да эл менен бирге көрдү. Айла жок, биз залкар дарыгер менен коштошуп жатып, терең урмат-сыйыбызды жана ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Мамбет агабыздын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк жашайт. Анын идеялары, анын иши улана берет. Ал көтөргөн тууну жерде калтырбай, желбиретип бийик көтөрүп шакирттери жолду улашат. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атынан Мамбет Мамакеевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз” деди Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров.

Академик Мамбет Мамакеевдин сөөгү жерге берилди
Академик Мамбет Мамакеевдин сөөгү жерге берилди
Академик Мамбет Мамакеевдин сөөгү жерге берилди
Академик Мамбет Мамакеевдин сөөгү жерге берилди
Академик Мамбет Мамакеевдин сөөгү жерге берилди
Академик Мамбет Мамакеевдин сөөгү жерге берилди
Академик Мамбет Мамакеевдин сөөгү жерге берилди

Мамбет Мамакеевдин сөөгү «Ата-Бейитте» жерге берилди.

Академик Мамакеев 2024-жылы 24-ноябрда 97 жашында дүйнөдөн өткөн.

Сүрөттөр: gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты