“Ата бейит” тарыхый комплексинин 35 жылдыгына  арналган иш-чара өттү  

9-ноябрда «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин 35 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чарага тарыхчылар, окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, саясий репрессиялардын курмандыктарынын урпактары жана изилдөөчүлөр катышты.

Комплекстин тарыхына арналган көргөзмө уюштурулуп, конокторго маданий программа тартууланды. Ошондой эле комплекстин тарыхына арналган даректүү тасма жана үч сериялуу анимациялык фильм көрсөтүлдү.

Расмий программада «Ата-Бейиттин» 35 жылдык тарыхы, комплекстин алдындагы Илимий борбордун ишмердүүлүгү жана тарыхый экспозициялар боюнча баяндамалар жасалды. Анда Үркүн трагедиясы, саясий репрессиялар, Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы, Апрель окуялары жана Баткен тарыхы камтылды.

Мындан тышкары, Үркүн окуяларына жана тарыхый эс тутум жайларына арналган «Ажар» анимациялык фильми көрсөтүлүп, куугунтукка алынган аялдардын тагдыры тууралуу маалымат берилди.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты