Чек ара жаңжалында талкаланган 134 үйдүн орду урандыдан тазаланды

  • 2 года мурун

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайлардын ордун тазалоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2-октябрдагы маалыматына караганда, облус боюнча 134 үйдүн орду урандылардан тазаланды.


Анын 67си Баткен районунун Капчыгай, Достук айылдарында, 19у Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан.

Буга чейин ӨКМ Баткенде калыбына келтирүү иштерине 205 куткаруучу жана 70 техника тартылганын кабарлаган.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстандын кол салуусунан алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты