Чек ара кызматы: Посттор коюлган участоктордо калк жашабай тургандыгын белгилей кетүү керек

  • 2 года мурун

   

Мурда маалымдалгандай, 25-сентябрда «Кызыл-Бел-автожол» өткөрүү пунктунда Кыргызстан менен Тажикстандын компетенттүү органдарынын, Баткен облусунун (КР) жана Согди облусунун (РТ) башчыларынын, тараптардын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.

Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы аталган жолугушууда кол коюлган протоколго кененирээк токтолду.  

-Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстан УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов чек ара аймактардагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан делегацияларынын жолугушуусунун протоколуна кол коюшту.

Тараптар «Тамдык» заставасынын (КР) жана «Бедак» заставасынын (ТР), «Булак-Башы» постунун (КР) жана «Кех» постунун (ТР), «Катта-Туз» постунун (КР) жана «Каракчикум» постунун (ТР), Чайхан жериндеги «Ак-Сай» постунун (КР) жана Ходжай-Аъло жеринде «Шаршара» постунун (РТ) аймактарында чек араны коргоонун ар кандай түзүмдүк бөлүктөрүн алып салууну жана мындан ары жайгаштырбоону макулдашты. 

Аталган бөлүктөрдүн имараттары жана курулмалары консервацияланат.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтаруу мобилдик чек ара күзөттөрү тарабынан ишке ашырылат, алар чек араны так белгиленген жана макулдашылган каттамдар боюнча жүрүшөт. 

Мындан тышкары, тараптар жаңжалдуу кырдаалдар көп болуп турган участокторго видеобайкоо камераларын орнотууну паритеттик негизде макулдашышты.

Посттор коюлган участоктордо калк жашабай тургандыгын белгилей кетүү керек.

Мында жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары тарабынан мурда колдонулган Тамдык (КР) — Бедак (ТР), Булак-Башы (КР) жана Кех (ТР) жер участокторунда айыл чарба иштерин жүргүзүүнү камсыз кылышы керек.

Протоколго ылайык, биргелешкен жумушчу топтун чек ара аймактарынан аскерлерди жана оор аскердик техниканы, кошумча күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу жайгашкан жерлерге бөлүп берүү боюнча иши улантылат.

Протоколго ылайык, аскерлерди жана оор аскердик техниканы, кошумча күчтөрдү жана каражаттарды чек ара аймактарынан туруктуу жайгашкан жерлерге чыгарып кетүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун иши улантылат, -деп айтылат билдирүүдө.   

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Сүрөт: Медиа штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты