Кыргыз-тажик чек арасы: Кезектеги протоколго кол коюлгандыгы кабарланууда

  • 7 месяцев мурун

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча чечим кабыл алынып, эки өлкөнүн ортосунда протоколго Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов кол коюшканы тууралуу кабарлар социалдык тармактарга жарыяланууда. Бул боюнча расмий маалымат бериле элек.

Президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси, Камчыбек Ташиевге жакын журналист Нургазы Анаркулов Фейсбук баракчасында мындай деп жазды:  

“Мына ошол оор сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы — кыргыз-тажик чек арасы боюнча талаштын баарына чекит койгон протокол болду. Ага бүгүн Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов көл коюшту. Бул — чыныгы тарыхый протокол. Анткени, тажик тарап отуз жылдан бери койгон дооматтарынан бүт баш тартты жана анын баары протоколго түшүрүлдү. Мындан тажик тарап дагы зыян тарткан жок, себеби, чыныгы, реалдуу чек араларга кайттык» деп жазды Нургазы Анаркулов.

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн ортосунда кол коюлгандыгы кабарланган протокол боюнча азырынча расмий маалымат бериле элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин 2022-жылдын 17-апрелинде эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болуп, ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

Сүрөт: Нургазы Анаркулов тараткан сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты