«Ак-Тилек» бекетинде кезек күткөн жүк ташуучу унаа саны 400дөн ашты

  • 6 месяцев мурун

Мамлекеттик чек ара кызматы 23-октябрда саат 12:00гө карата кыргыз-казак чек арасынын “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде Кыргызстандан чыгуу үчүн 410 жүк ташуучу автоунаа кезек күтүп турганын билдирди.

Мекеме «унаалардын өтүүсүнө эки тараптан тең эч кандай чектөө жок, мунун себеби Кыргызстандан айыл чарба азыктары сыртка көп ташылып жатканы» деп түшүндүрдү.

Чек ара кызматы билдиргендей, “Ак-Тилектен” өткөн суткада 297 унаа Казакстанга кирген.

“Ак-Тилек” бекетиндеги тыгын буга чейин 5-октябрда да байкалып, анда кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны 569га жеткен.

Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Казак тараптагы ар кандай чектөөлөрдөн улам жүк ташууда байма-бай түйшүк жаралып келет.

Эки өлкө тең экономикалык интеграцияны күчөтүү максатында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты