Аскер бөлүгүн уруксатсыз таштаган же дезертирлик кылган аскер кызматкерлерине мунапыс берилет

  • 2 месяца мурун

Аскер бөлүктү же кызмат өтөө ордун уруксатсыз таштаган жана дезертирлик беренелеринде каралган кылмыш ишин жасаган адамдар 13-февралдан тартып 13-майга чейин Аскер прокуратурасына же аскердик кызматын өтөгөн жерине өз ыктыяры менен кайтып келсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Президент 9-февралда Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө мыйзамга кол койгон.

Ал мыйзамдын 2-беренесине ылайык, кылмыш кодексинин “Аскер бөлүктү же кызмат өтөө ордун уруксатсыз таштоо” жана “Дезертирлик” беренелеринде каралган кылмыш ишин жасаган адамдар 2024-жылдын 13-февралынан тартып 13-майын кошуп алган мезгил аралыгында Аскер прокуратурасына же аскердик кызматын өтөгөн жерине өз ыктыяры менен кайтып келишсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Мыйзам аскер кызматынан качкандыгына ырайымдуулук кылуу менен алардын оңолуусуна мүмкүнчүлүк бере тургандыгы белгиленди.

Кайрылуу үчүн даректер:

1.Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы: Бишкек шаары, Токтоналиев көч., 2/1.

    2. Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы: Баткен шаары, Курманжан-Датка көчөсү, номери жок;

    3. Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы: Ош ш., Петров көч., 33;

    4. Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы: Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад ш., Эркиндик көч., 2 “б”;

    5. Балыкчы гарнизонунун Аскер прокуратурасы: Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Аманбаев көч., 168.

    Иллюстрациялык сүрөт.

    Муну бөлүшүү

    Окшош жаңылыктар

    Журналисттик иликтөөлөр

    Помочь проекту

    договором оферты