Чек арадан жүк ташуу документтери жок товарларды алып өтүүгө бөгөт коюлду   

  • 3 месяца мурун

17-январда чек арачылар “Чоң- Капка” көзөмөл пунктунан документи жок товар алып чыгуу көрүнүшүнө бөгөт коюшту.    

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.   

Маалыматта айтылгандай, “Чоң-Капка-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү постунан К.Шнын башкаруусундагы оор жүк ташуучу “Мерседес Бенц” унаасы ичинен тиешелүү жүк ташуу документтери жок жаңы “Редми” үлгүсүндөгү 200 уюлдук телефон, автоунаа үчүн газ баллондук 97  аппарат аныкталган.

Учурда бул факты боюнча милдеттүү салыктык төлөмдөрдү төлөөдөн качуудан келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты