Чек ара кызматы: Чек арада абал туруктуу

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдындагы Чек ара кызматы 28-январь, эртең мененки саат 08:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абалды туруктуу деп билдирди.

«Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана «Головной» аймактарында абал стабилдүү. Түн тынч өттү» деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлаган.

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Төрт-Көчө тилкесинде куралдуу кагылыштан улам Ак-Татыр айыл аймагынын Орто-Боз айылынын тургундары Баткен районунун Рават айылына көчүрүлгөн..

Ошондой эле, Жака-Өрүк, Ак-Татыр айыл аймагынын Үч-Дөбө, Самаркандек айыл аймагынын, Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын жергиликтүү тургундары эвакуацияланууда. Алар жеке автоунаалары менен Баткен районунун Рават айылына жайгаштырылган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча 27-январда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу бүгүн, 28-январда да улантылары маалымдалды.

Чек арадагы кагылыштан улам, акыркы маалыматтарда Кыргызстан тараптан 11 адам жабыркаганы белгилүү болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты