Чүй облусунда бир катар базарлардын ижара акысы арзандатылды  

  • 5 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусундагы бир катар базарлардын ижара акылары арзандаганын маалымдап, алардын тизмесин жарыялады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, УКМК тарабынан КР министрлер кабинетинин салык реформасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында соода-базар комплексинин ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында соода жайларынын ижара акысын төмөндөтүү макулдашылды.

Тактап айтканда, “Мадина” базарынын администрациясы тарабынан келишимдин жыйынтыгы боюнча ижара баасы 30%га арзандатылды. Ага чейин «Дордой» базарынын ижара акысы 50-60 %га,  «Аламүдүн» базары 30-50 пайызга, «ЗимаЛето» компаниясы өз базарында 25 пайызга, «Оберон» базары соода орундарын 20 пайызга арзандатканын жарыялашты.

Токмок шаарынын базарларында ижара баалары 30% арзандады:

“Токмок Булак” ЖЧКсына катталган Токмок шаарынын базары, директору А.Сыдыгалиев;

“Токмок Мүрөк” ЖЧКсы, республикалык маанидеги мал базары, директору А.Ниязалиев;

“Ак-Кеме Рахман” ЖЧКсына катталган Токмок шаарындагы кийим базары, директору Ш.Раимов;

 “Токмок” соода-базар комплекси, 23 соода контейнеринин ээси И.Юлдашев;

Токмок шаарындагы кичи дүң базар, ээси М.Ахмедов.

Ушундай эле келишим Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы “Кант” ЖЧКсына катталган базар, директору У.Мукеев тарабынан калктын аялуу катмарынан чыккан ишкерлерге (соода менен алектенген пенсионерлерге) каржылык түйшүктү жеңилдетүү максатында соода жайлары бекер берилет.

Мындан тышкары, Кара-Балта шаарындагы “Береке” соода-базар комплексинде, директору Р.Мурадылов; Жайыл районундагы “Жайыл базары” соода-базар комплексинде, директору М.Шавкетов; Москва районунун Беловодск айылындагы “Ярмарка” жана “Айдар” кичи базарларында; Сокулук районундагы кичи базарларда — Новопавловка айылындагы “Нурлан”, администратору Р.Усубалиева; “Жибек-Жолу”, администратору Б.Маханов; “Сары-Өзөн”, администратору К.Абдыкалыков; мал базары, администратору У.Четимбаев; “Айбек”, администратору А.Курманбеков, “Заря”, администратору У.Шамырзаев; Панфилов районундагы — “Артел О” жана “Ак-Жолтой” кичи базарларында ижара баасы 30%га арзандады. Жайыл районунун (Кара-Балта шаары) унаа тетиктери базарынын ээси У.Ногойбаев ижара акысын 35%га төмөндөттү.

Ошол эле учурда Кемин районунун кичи базарларында (Кеминдеги “Ажка” кичи базары, Орловка шаарындагы “Бар Бол” кичи базары ижара баалары 20%га арзандады.

Белгилей кетсек, Чүй облусунда 38 базар бар, алардын көбү жергиликтүү базарлар (“кичи базарлар” деп аталат), аларда ижара акысы жана кирешенин көлөмү борбордук соода-базар комплекстеринен, анын ичинде Бишкек шаарында жайгашкан комплекстерден да олуттуу айырмаланат. Ошентсе да, мамлекеттик саясатты ишке ашырууга көмөктөшүү максатында соода-базар комплексинин ээлери Чүй облусунун базарларында ижара акысын төмөндөтүүнү чечишти.

Ошону менен бирге, Чүй облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлери базарлардын инфраструктурасын жакшыртуу менен бирге, базарларда соода кылган карапайым ишкерлерге тиешелүү шарттарды түзүп, алардын каржылык жүгүн жеңилдетүү максатында контролдук-кассалык машиналар (ККМ) менен акысыз камсыз кылышат (Чүй облусу боюнча 8714 ККМ катталган, патенттин негизинде 5861 ишкер ишин улантууда).

Кыргызстанда базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн” жана Ош, Талас, Каракол шаарларындагы базардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери да акция өткөрүшкөн.

4-декабрда Кара-Балта, Токмок шаарларындагы базарда иштегендер нааразылык акциясына чыгышканы маалым болду.

Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди.

5-декабрда президент Садыр Жапаров «Дордой» базарындагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат бериле турганын айтты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты